Министрлик Бишкекте коомдук транспорт эмнеге иштебей жатканын түшүндүрүп берди

11 мая 2020 10:20 1765 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Бишкек шаарында коомдук транспорт коронавирус жуктуруп алууга өтө ыңгайлуу жай болгондуктан анын иштөөсүнө азырынча чек киргизилгенин маалымат жыйында билдирди.

“Коомдук транспорт – автобус, троллейбус иштей элек. Себеби алар коронавирус жуктуруп алууга ыңгайлуу болуп турат. Бирок такси кызматтары иштеп жатат. Карантин учурнуда шаарга кирип-чыгуу шарттары бекитилген, ошол тартиптерге баш ийүү керек”, — деди ал.

Үсөнбаев 11-майда тарта өлкө боюнча өзгөчө абал алынып, бирок өзгөчө кырдаал режими сактала турганын эскертти. Ал ошондой эле, Бишкекте коменданттык саат алынганы менен карантин режими калганын кошумчалады.

“Бишкекте карантин калтырылып, коменданттын башкаруу алынып коюлду. Катуу тартипте санитардык режимдер бекитилген. Ошолорду толук аткарышыбыз керек. Мындай аракеттер коронавирус таркап кетпсин деген эле максат. Аны ар бир жаран жеке милдет катары кабыл алып, жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек”, — деди министрдин орун басары.

Буга чейин өкмөт башчы 11-майдан тарта кайсы тармактар иштей баштарын айтып берген.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-bishkekte-koomduk-transport-emnege-ishtebej-zhatkanyn-tshndrp-berdi



Добавить комментарий