Министрлер кабинетинин сайты эмнеге жабылып калганы айтылды
Поделиться в:
Кыргызстандын министрлер кабинетинин сайты тактап айтканда www.gov.kg сайты техникалык себептерге байналыштуу убактылуу иштебей турат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, буга жекшемби күнү сервер жайгашкан имараттагы электр жарыгынын кыска мөөнөттүү өчүп калышы себеп болгон.
Азыркы учурда КРнын президентинин иш башкармалыгынын техникалык кызматкерлери маселени жоюунун үстүндө иштеп жатышат.
Сайттын иши жакын арада калыбына келтирилет.
Ссылка: https://barometr.kg/ministrler-kabinetinin-sajty-emnege-zhabylyp-kalgany-ajtyldy
Добавить комментарий ×