Министр Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин айтты
Поделиться в:
“Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин моюнга алуу керек”,-деп айтты Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев басма сөз жыйынында. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, билим берүү тармагындагы методикалык жаатты жакшыртуу кажет.
“Бишкекте акыркы жылдарда Жалпы республикалык тестте бир дагы “алтын сертификатка”, кызыл аттестатка ээ болбогон мектептер бар. Мектеп директорлору муну моюнга алат”,-деп айтты Купешов.
Ошондой эле министр билим берүүнүн сапаты онлайн окутуудан улам төмөндөп кеткенин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/ministr-kyrgyzstanda-bilim-bernn-sapaty-tmndp-ketkenin-ajtty
Добавить комментарий ×