Заманбап билим берүү комплекси курулат
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев кечээ, 28-июнда «Аль-Мактум» фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мирза Хуссейн Аль-Сайег менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууну өткөрүүнүн негизги максаты Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүнө инвестицияларды тартып келүү үчүн Фонддун жетекчилиги менен түз карым-катнаштарды түзүү болду.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын аймагында STEM (Science, Technology, Engineering, Mathematics) билим берүү боюнча программаларды тереңдетип окуткан заманбап билим берүү комплексин (жалпы билим берүүчү мектеп, китепкана, медициналык борбор, спорттук аянтча, окутуучулар үчүн жатакана ) куруу тууралуу макулдашуу жетишилди.
Эскерте кетсек, «Аль-Мактум» фонду дүйнө жүзү боюнча бир катар социалдык долбоорлорду жана билим берүү багытындагы долбоорлорду ишке ашырып келет. Фонддун негизги милдети дүйнө жүзүндөгү билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/zamanbap-bilim-ber-kompleksi-kurulat
Добавить комментарий ×