Министр Айдарбеков БУУнун Башкы катчысы менен Борбор Азиядагы радиоактивдүү калдыктар көйгөйүн талкуулады

26 сентября 2019 14:46 2433 Barometr
Поделиться в:
ok

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Жолугушуу кечээ БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуунун алкагында болгон.

Тараптар курчап турган чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга, терроризмге жана экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Борбордук Азияда регионалдык кызматташууну күчөтүү, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар көйгөйүн чечүү жана суу ресурстарын колдонуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда бүткүл дүйнөлүк уюмдун жана эл аралык мамилелердин учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Айдарбеков Кыргызстан БУУну реформалоо боюнча, Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүдө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө Башкы катчыны колдоорун белгиледи. Министр дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багытталган ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө БУУнун ишине оң баа берди жана Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан бардык багыттар боюнча өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн бир катар улуттук деңгээлдеги стратегиялык документтери кабыл алынгандыгын белгиледи”, - деп айтылат билдирүүдө.

 Тышкы саясий мекеменин башчысы Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүнүн Ыктыярдуу улуттук баяндамасы даярдалып жаткандыгы жөнүндө маалымдап, Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүү жана улуттук институттарын бекемдөө менен тандап алган жолунда алга илгерилөөнү улантат деп кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-ajdarbekov-buunun-bashky-katchysy-menen-borbor-aziyadagy-radioaktivd-kaldyktar-kjgjn-talkuulady



Добавить комментарий