Чыңгыз Айдарбеков: Чет өлкөдө дарыланып жатам, жакында кайтып барам

30 ноября 2022 09:34 1325 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Чыңгыз Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө дарыланып жатканын айтты. Бул тууралуу Айдарбековдун соцтармактагы баркачасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков Казакстанга тажияга бара жатканда чек арадан кармалганын депутат Элвира Сурабалдиева айтып чыккан. УКМК маалыматты четке кагып, Айдарбековдун кармалганын төгүндөгөн.

“Урматтуу мекендештер!

Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жака чыгууга муктаж элем. Ал ортодо, Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнүчүлүгү пайда болоор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем.

Урматтоо менен, Чынгыз Айдарбеков”,- деп жазды Айдарбеков.

Айдарбеков Кемпир-Абад суу сактагычы ээлеген жердин Өзбекстанга берилишине каршы добуш бергенден кийин бийликтен кысым болуп жатканын Жогорку Кеңештин трибунасынан айрым депутаттар айтып чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/chygyz-ajdarbekov-chet-lkd-darylanyp-zhatam-zhakynda-kyrgyzstanga-kajtyp-baram



Добавить комментарий