Милициянын кайгуул кызматкерлери “ Ардак” жана “Азамат” медалдары менен сыйланышты

15 июня 2020 14:40 1409 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын кайгуул кызматкерлери ИИМдин “ Ардак” жана “Азамат” медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө абал учурунда кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү  мамиле кылгандыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо  зор салым кошкондугу үчүн, Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын  22 кызматкери  ИИМдин “ Ардак” медалы, ИИМдин  I, II, III даражадагы “Азамат” медалы жана ИИМдин “Мыкты кызматкери” төш белгилери менен сыйланды.

Сыйлык ыйгаруу аземинде МККБнын жетекчилик курамы кызматкерлерге сыйлык ыйгаруу менен бирдикте коомдук коомсуздукту жана  жол кыймылынын коопсуздугун сактоодо элдин бизге болгон ишеними чоң экендигин эскертип, кызматка дайым даяр жана күжүрмөн абалда болуубуз шарт экендигин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciyanyn-kajguul-kyzmatkerleri-ardak-zhana-azamat-medaldary-menen-syjlanyshty



Добавить комментарий