Милиция кызматкерлери “Өзгөчө абал” учурундагы кызматы үчүн кошумча акы алышат

15 июня 2020 11:47 968 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт тарабынан бекитилген токтомдун Жобосуна ылайык, өзгөчө абал шартында кызмат өтөгөн кызматкерлер, ээлеген орду менен аскердик наамына жараша үч оклад өлчөмүндө каражат төлөп берилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша бир окладды ички иштер органдарынын кызматкерлери айлык акы менен биргеликте алышат. Анын негизинде аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша эки оклад калат. Аталган кепилдик өзгөчө абал режиминде кызмат өтөө маалында өз милдеттерин аткаруу үчүн кызматкерлерге шыктандыруучу болуп эсептелгендиктен, ал республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен төлөнүп берилет.

Буга чейин, Бишкек шаардык милициясы калаадагы төрт райондун аймактык кызматкерлери коронавирус учурунда иштегендиги үчүн кошумча акыны албай калгандыктан иш таштаганы жатат деген маалыматтар тараган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhakynda-zgch-abal-uchurunda-kyzmat-tgn-miliciya-kyzmatkerlerge-koshumcha-tlmdr-tlnt



Добавить комментарий