Милиция Бишкекте жоголгон 80 жаштагы карыяны тапты - сүрөт
Поделиться в:
Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 51 жаштагы аял кайрылып, 80 жаштагы атасы 7-февралда болжол менен эртең мененки саат 5:00дөрдө чыгып кетип дайынсыз болуп жатканын айткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.
"Жазылган арыздын негизинде Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан ошол эле күнү түнкү саат 23:30дар чамасында Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун кырк чоро көчөсүнөн табылып, Ленин РИИБдин экинчи шаардык милиция бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Ал жактан жакын туугандары алып кетишти", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-bishkekte-zhogolgon-80-zhashtagy-karyyany-tapty-srt
Добавить комментарий ×