Микрокредиттик компаниянын кызматкерлери насыя төлөөчүлөрдөн түшкөн каражаттарды өздөрүнө алышкан

24 мая 2019 12:17 1206 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош областынын прокуратурасы паракорчулукка каршы мыйзамдын негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу “Ишкер” микрокредиттик агенттигин текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузууларды аныктады.

Аталган микрокредиттик агенттиктин кызматкерлери 2010-2018-жылдар аралыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Анда агенттиктен алган насыя боюнча карызын төлөгөндөрдөн түшкөн каражаттарды систематикалык түрдө бөлүп алышкан.  Андан улам мамлекетке 11 миллион 381 миң 910 сом зыян келтирилген.

Ош областынын прокуратурасы 2019-жылдын 21-майында бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде кылмыштык белгилери болгонун аныктаган. Ошондой топтолгон материалдар сотко чейинки териштирүү жүргүзүүчү тергөө органдарына берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/mikrokredittik-kompaniyanyn-kyzmatkerleri-nasyya-tlchlrdn-tshkn-karazhattardy-zdrn-alyshkan



Добавить комментарий