Мөңгүгө чыгып бараткан туристтерге таштар кулап, бирөө каза болду. Аларды куткарууга тик учак Алматыдан жиберилди

31 июля 2018 20:10 1243 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кечээ 30-июль күнү  Чүй   облусунун Аламүдүн районундагы бийиктиги деңиз деңгээлинен 4100 метр жогору болгон Скрябин мөңгүсүнө туристтер  чыгып бара жаткан учурда таштар кулап, кырсыктын кесепетинен,  1 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ нен билдирет. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык каза болгон турист Казакстандык. Туристтердин үчөө  Казакстан Республикасынын жарандары, ал эми төртөө Россиянын жарандары деп айтылууда. Алар “Аксай-Тревел” туристик фирмасы аркылуу келишкен. 

         Жабыркагандарды эвакуациялоо үчүн КР ӨКМ жетекчилиги тарабынан Казахстан Республикасынын ИИМ жетекчилигине кат жолдонгон.  Бүгүн эртең менен саат 7.00дө куткаруу операциясын аткаруу максатында Алматы шаарынан Казакстан ИИМинин өзгөчө кырдаалдар комитетинин тик учагы учуп чыкканы айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/mgg-chygyp-baratkan-turistterge-tashtar-kulap-bir-kaza-boldu-alardy-kutkaruuga-tik-uchak-almatydan-zhiberildi



Добавить комментарий