Москвадагы метродо көз жарган кыргыз келинге полиция кызматкерлери да гүл көтөрүп келишти

16 декабря 2020 11:13 2476 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Москва метросунда көз жарган кыргызстандык келин ооруканадан чыгарылды. Ымыркайдын жарык дүйнөгө аман-эсен келишине салым кошкон милиция кызматкерлери да кучак толо гүлдестеси менен эне-баланы оорукандан чыгарып кетүүгө келишкен. Бул тууралуу “Известия” телеканалы билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Полиция кызматкерлери ооруканга эне-баланын ден соолугун билип, өздөрү жарык дүйнөгө келишине себеп болгон наристени көрүп кетүүгө кучак толо гүл, чакан белектерин алып келишкен. 

Балага Алинур деген ысым берилген, ал ден-соолугу чың. Баланын атасы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кесиптик иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы төрөлгөн баланын жана эненин өмүрүн сактап калуудагы чоң эрдигине рахмат айтты.

Эскерте кетсек, 10-декабрда Москвадагы "Электрозаводская" метросунда иштеген полиция отрядынын кызматкерлери толгоосу келип калган кыргызстандык келинди метродон төрөтүп алышкан.

Полиция кызматкерлеринин айтымында, керектүү учурда ошол жерде болуп калып, бир адамдын жарык дүйнөгө келишине салым кошуп, пайдалуу жумуш жасаганга кубанып жатышат.  


Ссылка: https://barometr.kg/metrodo-kz-zhargan-kyrgyz-kelin-oorukanadan-chygaryldy-aga-trtt-kabyl-algan-policiya-kyzmatkerleri-da-gl-ktrp-kelishti



Добавить комментарий