Лионель Месси ПСЖдан канча айлык алаары маалымдалды

7 августа 2021 09:49 2721 Barometr
Поделиться в:
ok

Футбол чабуулчусу Лионель Месси француздардын "Пари Сен-Жермен" футбол клубу менен келишим түзөт жана жыл сайын бонустарды кошкондо 50 миллион евро алат. Бул тууралуу өзүнүн Twitter баракчасына журналист Николо Скира жазганын “Барометр” маалымдайт.

Буга чейин ЖМКлар берген маалыматка караганда, 34 жаштагы аргентиналык  "ПСЖ" клубу менен эки жылга келишим түзөрү болжолдонуп жатат.

Бейшемби күнү "Барселона" Месси менен жаңы келишимди узартпай турганын жарыялаган болчу.

Лионель Месси 2004-жылы “Барселонага” келип, клуб үчүн 17 сезон ойногон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/lionel-messi-pszhdan-kancha-ajlyk-alaary-maalymdaldy



Добавить комментарий