Мэрия маршрутканын айдоочусунан жабыр тарткан аялды издеп жатат
Бишкек мэриясы маршрутканын айдоочусу менен болгон окуяда жабыр тарткан аялды издеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
"Мэрия айдоочунун аракеттерине нааразы болууда, ал балалуу жүргүнчүгө орой гана эмес, жоопкерчиликсиздик менен мамиле кылган жана жабырлануучуну байланышууга чакырат”,-деп айтылат басма сөз кызматы берген маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда айдоочу баласы жана коляскасы менен маршруткага түшүүгө аракет кылган аялды унаага түшүрбөй койгону тууралуу видео тараган.
Мэрия айдоочу менен компанияга айып пул салынганын жана алар “кара тизмеге” киргизилгенин маалымдаган.Ошондой эле кечирим сураган айдоочунун дагы видеосу жарыяланган.
Ссылка: https://barometr.kg/meriya-marshrutkanyn-ajdoochusunan-zhabyr-tartkan-ayaldy-izdep-zhatat
Добавить комментарий ×