Балалуу аялды түртүп жиберген № 203 маршрутканын айдоочусу иштен бошоду
Балалуу аялды түртүп жиберген № 203 маршрутканын айдоочусу иштен бошотулду жана Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын патрулдук кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, айдоочу линиядан чыгарылды жана жумуштан бошотулду.
“36 жаштагы М.Б. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Анын айтымында, өткөн жылы дагы ушундай окуя болгон, анын кесепетинен жабырлануучуга компенсация төлөгөн.Ошондуктан ал каляскасы менен түшкөн аялды унаага салгысы келбей койгон. Айдоочу бул окуя үчүн кечирим сурады”,-деп билдиришти ведомстводон.
№ 203 маршрутканын баардык бригадасынын иштери текшерилди. Эки протокол түзүлүп, 10 миң сомдук айып пул чегерилди.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Бишкекте мамлекеттик номери 01KG 256ADP болгон № 203 маршруттук таксинин айдоочусу унаанын салонунан балалуу аялды коляскасы менен түртүп чыгарып салган.
Ссылка: https://barometr.kg/balaluu-ayaldy-trtp-zhibergen-203-marshrutkanyn-ajdoochusu-ishten-boshodu
Добавить комментарий ×