Мектептердин жана бала бакчалардын иши качан жанданат?

20 октября 2020 17:12 1819 Barometr
Поделиться в:
ok

Мектептердин ачылышы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу болот. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Мектептердин жана бала бакчалардын ишин жандандыруу тууралуу, биз өсүп жаткан эпидкырдаалга мониторинг жүргүзүп жана Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге чечим кабыл алабыз. Ошондуктан, биринчи чейректи онлайн режиминде жүргүзүү чечимине токтолдук. Экинчи чейрек тууралуу кошумча каралат. Балким, жергиликтүү башкаруу органдары, администрациялар эпидемиологияга каршы өзгөчө комиссиялардын чечими боюнча шаарлардын жана райондордун деңгээлинде чечим кабыл алышы керек”, - деп билдирди Саламаттык сакто министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Сентябрь айында мектеп жашындагы балдар арасында коронавирустун 34 учуру жана пневмония менен 14 учур катталган, октябрь айында алардын саны үч эсе өсүп – коронавирус 110 балада жана пневмония 9 балада тастыкталган.


Ссылка: https://barometr.kg/mektepterdin-zhana-bala-bakchalardyn-ishi-kachan-zhandanat



Добавить комментарий