Мектеп окуучуларынын арасында «Зомбулукту Актаба!» аттуу сынак жарыяланды

1 марта 2021 13:43 1167 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын арасында «Зомбулукту Актаба!» аттуу сынак жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бул сынак USAID-IDLO «Сотко ишеним» программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Сынакка 9-11-класстарынын окуучулары катыша алышат.

Жеңүүчү командалар үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган:

1-орун - команданын ар бир мүчөсүнө 1 ноутбук.

2-орун - команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.

3-орун - команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.

Катышууга бир мектептен бир гана топ катыша алат. Катышуу үчүн 3 окуучудан (алардын бири башка жыныста болушу керек) турган топ түзүп, төмөнкү талаптарды аткаруу керек:

1. Ссылка аркылуу 2021-жылдын 4-мартына чейин өз командаңыздын атынан катталуу:

https://forms.gle/V1p3pV8SQ7Um2cEy6

2. Сиздин топтун катышуусун тастыктагандан кийин, уюштуруучулардын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык, гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту изилдөө үчүн социологиялык онлайн сурамжылоо жүргүзүү - минималдуу 50 адам менен маектешүү;

3. Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук темасында 2 мүнөттүк видеотасманы даярдап, жарыялоо;

4. Конкурстун облустук этабында калыстар тобунун алдында аткарылган иш жөнүндө презентация кылуу;

5. Конкурстун республикалык этабында калыстар тобунун алдында аткарылган иш жөнүндө презентация кылуу;

6. Көз карандысыз калыстар тобу үч жеңүүчү команданы тандап алат.

Бул республикалык конкурс Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Сурамжылоонун жүрүшүндө катышууга топтор төмөнкү негизги суроолор боюнча маалымат алууга муктаж:

• Коомдогу гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту ким кандай түшүнөт?

• Маектешкендер гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук учурларына канча жолу туш болушкан?

• Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу мыйзамдар менен таанышбы?

• Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондо эмне кылуу керек?

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, сынактын бардык этаптары онлайн режиминде өткөрүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/mektep-okuuchularynyn-arasynda-zombuluktu-aktaba-attuu-synak-zharyyalandy



Добавить комментарий