Мексикада массалык түрдө өлтүрүлгөн 200дөй адам сөөктөрү табылды
Мексикада 200дөй адам сөөктөрү бир жерге көмүлгөн жеринен табылды. Бул тууралуу Mirror Online маалымат сайтына Мексиканын генералдык прокурору Джордж Уинклер билдирген. Анын берген маалыматына ылайык, Веракрус штатындагы Мексика булуңуна жакын жерден 200дөй адамдын өздүк буюмдары, 114 адамдарга таандык майда буюмдар, ошондой эле ар кандай аксессуарлар жер алдынан чыккан. Табылган адамдын сөөктөрүн анализден өткөргөндө кеминде 2 жылдай жерде жатканы далилденген. Прокурор Уинклер элдерге эки жыл мурда жоголгон жакындарынын ДНКсын тапшырууга чакырды. Айрым, маалымат басылмаларынын айтымында Веракрус штатынын Америка менен чектешкен аймагы көп жылдардан бери баңги затын ташыган наркотика сатуучулардын пункту болуп келген. Ал жерде буга чейин дагы массалык кылмыштуулуктар болуп келгени айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/meksikada-massalyk-trd-ltrlgn-200dj-adam-sktr-tabyldy
Добавить комментарий ×