Бразилия жана Мексикада бир суткада миңдей адам каза болду
Мексикада коронавирусту жугузгандарга дагы 5 343 учур кошулуп, жалпы 180 545 түздү. Бир суткада 1 044 адам көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен РИА Новости жазды.
“Мексикада 180 545 адамдан вирус тастыкталып, 21 825 адам каза болду. Бийлик өкүлдөрү түшүнүксүз 56 590 ооруга чалдыккан жана 1 892 каза болгон бейтаптар боюнча изилдөө жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Ал эми вирустун толкуну өтө катаал болуп жаткан Бразилияда бир суткада 641 адам көз жумуп, жалпы 50 617 адам каза болду. Бир күндө 17 миң адамга вирус жукканы маалым болду. Ошентип Бразилияда 1 085 038 учур катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/braziliya-zhana-meksikada-bir-sutkada-midej-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×