Мексикада коомдук жайларда жыныстык катнашка барууга руксат берилди

23 августа 2018 19:00 6273 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Мексиканын Гвадахалара шаарында коомдук жайларда жыныстык катнашка барууга руксат берилди. Бул туурасында Америкалык NBC Washington маалымат агенттиги жазды. Мексиканын шаардык бийлигинин кабыл алган мыйзамына ылайык, коомдук жайларда, унаа ичинде, сейил бактарында жыныстык катнашка барып жаткан жарандарга полиция кызматкерлери кармоого жана айып пул салууга укуктары жок. 

Бирок, айрым шаар тургундары бул мыйзамга каршы чыгышты. Анткени, элдин көзүнчө жыныстык катнашка баруу биринчиден этикага туура келбейт, экинчиден педофилдерге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет дешкен. 

Ал эми шаардык өкмөт полиция кызматкерлери мейманканага барууга акчасы жок адамдардын тынчын алгандын ордуна, кылмыштуулук менен күрөшүүсү керек деп эсептейт. 

Ссылка: https://barometr.kg/meksikada-koomduk-zhajlarda-zhynystyk-katnashka-baruuga-ruksat-berildi



Добавить комментарий