"Мекениңдин сырын сатпа!": Чек ара кызматы туура эмес маалымат таратуудан алыс болууга чакырды

16 сентября 2022 12:54 1449 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын чек ара кызматы жарандарды, журналисттерди, блогерлерди мамлекеттик сырды, аскер техникаларын, жоокерлердин жайгашкан жерлерин тартып интернетке киргизбөөгө чакырат. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Билдирүүдө, кыйын кырдаалда чпгымчылдыка алдырып, элди дүрбөтпөөгө чакырат.

"Урматтуу журналисттер жана блогерлер!

Баткендеги абал боюнча маалымат таратууда жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз. Айрыкча аскерлер жана аскердик техникалардын жайгашкан жерлерин, алардын жылып жүрүүсүн чагылдырбоону өтүнөбүз.

Учурда Чек ара кызматы жана башка түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда жана түзүлгөн кырдаалды тезирээк чечүү аракетин көрүүдө.

Башка учурда болсо мейли, бирок ушундай оңой эмес кырдаалда айрым блогер, журналисттердин кыргыз Куралдуу Күчтөрүнүн дараметинен күмөн санаган (кыргыз аскерлеринин унааларында бензин жок калыптыр деген сыяктуу) пост, билдирүүлөрдү чыгарып жатканы өкүндүрөт. Анткени бул жалган жана чагымчыл маалымат.

Кыргыз жоокерлери материалдык-техникалык жактан толук камсыздалган.

Кыргыз тарапта тажик тараптын агрессиясына жараша жооп бергенге аскердик да, курал-жарак, техникалык да күчтөрү жетиштүү.

Ошондой эле сиздерден такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранабыз", -деп айтылат маалыматта

Ссылка: https://barometr.kg/mekenidin-syryn-satpa-chek-ara-kyzmaty-zharandardy-tuura-emes-maalymat-taratuudan-alys-boluuga-chakyrdy



Добавить комментарий