Мээнин иштешин жакшыртуунун оңой жолу айтылды

23 января 2020 09:20 1059 Barometr
Поделиться в:
ok

Канаданын Батыш Онтарио университетинин окумуштуулары 20 мүнөттүк сейилдөө мээнин иштешин эртең менен ичкен кофедей эле жакшырта турганын аныкташты. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасы жазды.

Ага ылайык, изилдөөгө кофени жакшы көргөн 30 киши менен кофеинди такыр колдонбогон 29 киши катышкан. Ыктыярчылар көп күчтү талап кылбаган дене тарбия көнүгүүлөрүн же бир крушка кофеге барабар болгон кофеиндин дозасын ичишкен. Андан кийин адамдын мээги маалыматтарды кыска убакытка сактай алуу жөндөмдүүлүгү текшерилген.

Жыйынтыгында кыска убакыт сейилдөө эске тутуу жөндөмдүүлүгүнө кофеинден да көп таасир бере турганы аныкталган. Мындай өзгөрүү кофени жашы көргөндөр арасында дагы, аны такыр ичпегендер арасында дагы байкалган.

Ссылка: https://barometr.kg/meenin-ishteshin-zhakshyrtuunun-ooj-zholu-ajtyldy



Добавить комментарий