Оскомбаева: Эки айда 13 040 медициналык кызматкер компенсациялык төлөмдөрдү алышты

16 июня 2020 12:31 703 Barometr
Поделиться в:
ok

ММК фондунун бюджетинен медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр берилди. Бул тууралуу Республикалык штаб брифинг билдирди.

«Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу, коронавирус илдети менен ооругандарды дарылоо жана алар менен контактта болгондорго байкоо жүргүзүү менен байланышкан иш-чараларды ишке ашырууда тартылган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн апрель жана май айларында ММК фондунун бюджетинен 132,3 млн. сом сарпталды. Эки айда 13 040 медициналык кызматкер компенсациялык төлөмдөрдү алышты», - бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева маалымдады.

Ссылка: https://barometr.kg/medicinalyk-kyzmatkerlerge-kompensaciyalyk-tlmdr-tuuraluu-maalymat



Добавить комментарий