"Матч ТВ" каналынын комментатору Денис Казанский кыргызстандык комментаторлорго тренинг өтүп жатат
Поделиться в:
Коомдук телерадио берүү корпорациясында (КТРК) спорттук комментаторлор үчүн тренинг өтүп жатат. Бул тууралуу КТРКнын алдындагы окуу борбордун жетекчиси Аделя Лаишева “Barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында тренинг КТРКнын окуу борбору тарабынан уюштурулуп, Deutsche Welle Академиясынын каржылык көмөгү менен өтүүдө.
“Тренинг Кыргыз телесинин тарыхында алгачкы жолу өтүп жатат. Орусиянын популярдуу теле каналдарынын бири болгон "Матч ТВ" каналынын комментатору Денис Казанский өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат”, - деди Аделя Лаишева.
Тренингге Кыргызстандагы телеканалдардын спорттук комментаторлору чакырылган.
Добавить комментарий ×