Башаламандык учурунда бир көзүнөн айрылган балага Турциядан дарыгерлер келип операция жасайт
5-октябрда массалык башаламандык учурунда 25-жаштагы Чолпонбаев Бакай кулак тундуруучу граната жарылганда көзүнөн жаракат алып ооруканада жатат. Бул тууралуу анын эжеси “Барометрге” маалыматты тастыктады.
Бакайдын бир көзү такыр көрбөй калгандыктан ага эки-үч этап менен операция жасалуу күтүлүүдө.
24-октябрда Турциядан дарыгерлер келип, операция жасалат.
“Биринчи операцияда ага көзүнө силикон толтурулат, ал эми экинчисинде газ менен толтурат экен”, -деди баланын эжеси.
Эскерте кетсек, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапташтары митинге чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг башаламандык менен коштолуп, митингчилер 6-октябрда Ак үйдү басып алышкан. Митингчилерди күч менен таратуу аракети болуп, жыйынтыгында бир бала каза болуп, бир канчасы жаракат алып ооруканага жаткырылган.
Добавить комментарий ×