Машыктыруучу: Мээрим Жуманазарова алтын медаль утканга татыктуу болчу
Мээрим чабуулга ыктаган тактиканы толук аткарбай койду. Болбосо атаандашынан физикалык, техникалык жактан да артычылыгы бар эле.
Мындай пикирди Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти, учурда жаштар арасында дүйнө чемпионатында Кыргызстандын кыздар курамасына машыктыруучулук кылган Байгазы Кенжебаев “barometr.kg” сайтына билдирди.
“Мээрим ачык байкалып турган артыкчылыктарын пайдалана албады. Ал япон кызы Наруха Мацуюки’ден техникалык да, күч жагынан да артыкчылыгы бар болчу. Алдыга, чабуулга ыктаган күрөш жүргүзүшү керек болчу. Эсеп 2:2 Мээримдин пайдасында болуп турганда ошол эсепти сактап калууга басым жасап туруп алды окшойт”, - деди Байгазы Кенжебаев.
Ссылка: https://barometr.kg/mashyktyruuchu-meerim-zhumanazarova-altyn-medal-utkanga-tatyktuu-bolchu
Добавить комментарий ×