Мас айдоочуларга мыйзам катаалдашкандан бери ичимдик ичип унаа башкаргандар азайды

24 марта 2023 15:14 666 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы өзгөртүүлгөн мыйзам күчүнө киргенден тарта, мас абалында унаа башкарган айдоочулар кыскарды. Бул тууралуу ИИМдин кайгуул кызматынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой,  8-марттан  баштап мас абалында  унаа башкаргандардын саны 41 пайызга азайды

“Өлкө аймагында 8-марттан тартып, бүгүнкү 16 күн ичинде  мас абалында унаа башкарган 423  айдоочу аныкталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле убактысында 800 мас айдоочу аныкталган. Демек,  мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 41 пайызга азайган.

Анын себеби, мурда мас айдоочулар 17 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы катаалдашкан шартка ылайык, мас айдоочулар бир жылга  айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин, экинчи ирет мас абалында унаа башкарган учурунда,   унаасын токтотуп кою менен  үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратулуусу себеп болууда.

Азыркы учурда одоно жол эрежелеринин бардык түрү азайууда”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/mas-ajdoochularga-myjzam-kataaldashkandan-beri-ichimdik-ichip-unaa-bashkarganda-azajdy



Добавить комментарий