Мас абалында апасын тургуза албай жаткан кыз жана апасы аэропорт жактагы Учкун айылынын тургундары болуп чыкты
Поделиться в:
Мас абалында апасын тургуза албай жаткан кыздын жана анын апасынын жашаган жери такталды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Анда айтылгандай, алар "Манас" аэропорту жактагы Учкун айылында жашагандары белгилүү болду. Бул окуяга тиешелүү документтер Чүй облусттук ички иштер башкармалыгындагы балдар менен иштөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, интернетке 5-6 жаштардагы кыз мас абалындагы апасын тургуза албай убара болуп жаткан видео тараган. Бул окуя боюнча териштирүү башталып, каармандарга издөө жарыяланган.
Добавить комментарий ×