Мас абалында апасын тургуза албай убара тарткан кыз изделүүдө

31 октября 2018 11:00 842 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкекте болжолу 5-6 жаштардагы кыз мас абалындагы апасын тургуза албай убара болуп жаткан видео тарады. Бул окуя борбордогу Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде 30-октябрда, саат 16.00дөр чамасында болгонун шаардык милициядан тастыктап, учурда териштирүү иштери башталганын айтты.

"Биринчи Май РИИБине бул видео тууралуу маалымат келип түшкөн. Учурда милиция кызматкерлери бул окуя боюнча текшерүү иштерин баштады. Болжолдуу маалыматтар боюнча видеодогу мас аял Чүй облусунун жашоочусу. Ал Бишкек шаарына кызын ээрчитип тааныш эркек менен келген. Азыркы тапта кыздын жана аялдын жашаган жерин текшерүү жана башка да маалыматтарды чогултуу иш аракеттери жүрүүдө", - деп билдирет РИИБнин басма сөз кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/mas-abalynda-apasyn-turguza-albaj-ubara-tartkan-kyz-izdeld



Добавить комментарий