Маркумдун зыйнатына келип коронавирус жуктуруп алган алты киши каза болду
Учурда бийлик маркумдун зыйнатын онлайн-өткөрүүгө чакырууда.
АКШнын Түштүк Каролина аймагында бир нече жума мурда коронавирустан каза болгон маркумдун зыйнатына келген алты киши илдет жуктуруп, андан каза болду.
New York Post басылмасынын жазышынча, каза болгондордун бардыгы 60 жаштан жогоркулар. Бийлик өкүлдөрү дал ушун жаш курактагылар илдетке туруштук бере албай турганын белгилешүүдө.
Бүгүнкү күнү бир нече жума мурун маркумду жерге берүү зыйнатына баргандардын бардыгы аныкталып, карантинге алынды. Мындай окуялардын кайталанбашына жол бербөө үчүн федералдык бийлик Аза кызматтарына маркумду жерге берүү зыйнаттарын түз эфирден камсыз кылууну тапшырды.
Эске салсак, коронавирус жуккандар менен андан каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда. Учурда жарым миллиондон ашык кишиге вирус жугуп, миңдеген киши өмүрү менен кош айтышты.
Ссылка: https://barometr.kg/markumdun-zyjnatyna-kelip-koronavirus-zhukturup-algan-alty-kishi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×