Марат Жантелиевдин сөөгү 11-июнда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат
Белгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиевдин сөөгү 11-июнда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Бакен Кыдыкеева атындагы театрдын директору Темирлан Сманбеков билдирди.
Анын айтымында, актёрдун сөөгү Бишкектеги "Учкун" кичи районундагы өз үйүнөн чыгат.
"11-июнда 9:30да актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. КР эмгек сиңирген артистин акыркы сапарга узатуу зыйнатына бийлик, маданият өкүлдөрү катышат" — деди Сманбеков.
Эске салсак, "Бопуш" лака паты менен калың журтка аты сиңген маданият кызматкери кечээ, 9-июнда 59 жаш курагында ооруканадан жан берди. Актёрдун көптөн бери боор жана бөйрөгү ооруп жүргөн. Артында бир уул, эки кызы калды.
Ссылка: https://barometr.kg/marat-zhantelievdin-sg-11-iyunda-ala-archa-krstnn-koyulat
Добавить комментарий ×