"Бопуш" аты менен элге таанылган актёр Марат Жанталиев көз жумду

9 июня 2020 18:09 4462 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлады.

Кыргыз кино индустриясында көптөгөн ролдорду мыкты аткарып, калың элге аттын кашкасындай таанымал актёр,  «Бопуш» аты менен таанымал болгон куудул буга чейин ооруп жүргөн. Ал 59 жашында оорудан улам каза болду.

Көп кырдуу талант  Марат Жанталиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

Жанталиевдин соңку  тартылган "Саякбай" тасмасында Саякбай манасчынын образын жараткан.

Ссылка: https://barometr.kg/bopush-aty-menen-elge-taanymal-aktyor-marat-zhanteliev-kz-zhumdu



Добавить комментарий