Манасчы Дөөлөт Сыдыков 3 күн боюу Ошто Манас айтат

17 март 2021 12:38 3252 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарына үч күн боюу Манас айтат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 19-20-21-март күндөрү манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарындагы  "Алымбек датка" этнографиялык борборунда 3 күн Манас айтат.

Иш-чара эртең менен саат 10:00до башталат.

Эске сала кетсек, Гиннесстин рекорддор китебине кирүү үчүн 2020-жылдын 12-ноябрь күнү, манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында 14 саат 27 мүнөт бою эч тыным албай, сууда ичпей манас айтып, калың элди таң калтырган.

Ссылка: https://barometr.kg/manaschy-dlt-sydykov-3-kn-boyuu-oshto-manas-ajtat



Добавить комментарий