Дөөлөт Сыдыков 14 саатан ашык дүпүлдөп манас айтып, рекорд койду
Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас" эпосун эң узак убакытка айтып рекорд койду.
Ал 12-ноябрда саат 10:00дө манас айтып баштаган. Ал 14 саат 27 мүнөт дегенде болуп көрбөгөндөй рекорд менен манас айтууну жыйынтыктады. Сыдыков “Манас” эпосун узак убакытка айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирүү үчүн жасады.
Эскерте кетсек, буга чейин Кытайлык кыргыздар “Манас” эпосун төрт саат бою тынбай айтып дүйнөнү таң калтырган.
Эми манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 сааттан ашык убакыт тыным албай манас айтып, жалпыбызды таң калтырса, бир чети кубандырып, дем берди.
Ссылка: https://barometr.kg/dlt-sydykov-14-saatan-ashyk-dpldp-manas-ajtyp-ala-toonu-zhyrtyp-rekord-kojdu
Добавить комментарий ×