Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди

3 июля 2019 11:22 2023 Barometr
Поделиться в:
ok

«Ала-Тоо-24» телеканалы “Көлөкөлөр: инвесторлордун мүлкүнө кол салган Атамбаевдин жакын адамдары” деген фильмди көрсөттү.

Негизинен фильмде президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы, тергөө менен келишимге барган Манас Арабаевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмөсү бар.

Арабаевди буга чейин Атамбаевдин көмүскөдөгү кардиналы жана сот системасынын куратору деп эсептеп келишкен.   

Арабаевдин көрсөтмөсү боюнча,  2016-жылы БЛС курулуш компаниясы боюнча соттук ишти кароодо Раиса Атамбаева бир канча ирет жана катуу талап кылуу менен аны жолугушууга чакырган. Жолугушууга башка адамдар дагы, анын ичинде уулу Раис дагы катышкан. 

Жолугушууда Атамбаева экинчи инстанциядагы сот процессине колдоо көрсөтүүнү суранган.

Ошондой эле Арабаевдин айтымында, ал судья Джаркеевага тийбөөгө, анын ишин УКМКнын кызматкери Алмаз Маткасымов аркылуу бүтүрүүнү талап кылган. 

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Эльвира Джаркеевага карата азыркы учурда эки кылмыш иши козголгон.

Аталган сюжеттин 25-мүнөтүндө Манас Арабаев Раиса Атамбаевга каршы көрсөтмө берген.

Эскерте кетсек, президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2018-жылы май айында кызматынан бошотулган.

2019-жылы 2-июнда Манас Арабаев кармалып, УКМКнын абагына камалган.


Ссылка: https://barometr.kg/manas-arabaev-raisa-atambaevaga-karshy-krstm-berdi



Добавить комментарий