«Манас» аэропортуна барчу жолдо жүргүнчүнү койдуруп кеткен айдоочу кармалды

20 сентября 2021 11:14 1430 Barometr
Поделиться в:
ok

“Манас” аэропортуна бара турган жолдо жүргүнчүнү сүзуп кеткен мотоциклдин айдоочусу кармалып, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.    

 “Мотоциклдин айдоочусу 29 жаштагы Н.Ф.кармалып, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды”,-деп кабарлашты ОИИБден.

Эскерте кетсек, кечээ “Манас” аэропортуна барчу жолдо мотоциклдин айдоочусу жүргүнчү аялды сүзүп кетип, ал каза тапкан. «Учкун-2» жаңы конушунун тургундары жолду жаап, мотоциклисттердин жарышын токтотууну бийликтен жана милициядан талап кылышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/manas-aeroportuna-barchu-zholdo-zhrgnchn-kojdurup-ketken-ajdoochu-karmaldy



Добавить комментарий