Манас аэропорту ишин жандантты. Бомба табыла элек

5 февраля 2019 18:08 977 Barometr
Поделиться в:
ok

Бомба коюлду деген кабардан улам издөө ишине байланыштуу иши токтотулуп турган эл аралык "Манас" аэропорту ишин жандантты. Бирок бомбаны издөө иштери уланууда. Бул тууралуу учак жайдым маалымат катчысы Алия Курбанова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү. 

Саат 17:40тан тартып аэропорт ишин өз нугунда жандантты. 

Бүгүн 14:41де аэропортко бомба коюлду деген маалымат түшүп, имараттын ичиндеги эл, андагы кызматкерлер коопсуз жайга чагыралган. Аэропорт курчоого алынып, МУКК менен ИИМдин атайын кызматкерлери издөө ишин жүргүзгөн. Учурда издөө иштери улантылып жатат.    

Ссылка: https://barometr.kg/manas-aeroportu-ishin-zhandantty



Добавить комментарий