Аэропортко коюлган бомба, аны айткан шектүү да табыла элек
Поделиться в:
"Манас" аэропортуна бомба коюлганы, бомба тууралуу кабарды ким айтканы азырынча аныктала элек. Бул тууралуу Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Рахат Сулайманов Barometr.kg сайтына билдирди. Учурда издөө иштери уланууда шектүү табыла элек.
Бүгүн түшкө жуук аэропортко бомба коюлду деген маалымат түшүп, имараттын ичиндеги эл, андагы кызматкерлер коопсуз жайга чагыралган. МУКК менен ИИМдин атайын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова 17-05теги Бишкек-Москва каттамы кармалып жатканын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/aeroportko-koyulgan-bomba-any-ajtkan-shekt-da-tabyla-elek
Добавить комментарий ×