Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин жетекчиси дайындалды
Эльчибек Джантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Башка бир жарлыкка ылайык, Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугунан бошотулду.
Эльчибек Джантаев 1973-жылы Ысык-Көл областынын Ак-Чий айылында туулган. Жогору билимдүү адис, “бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолун 2002-жылы Ак-Чий айыл башкармалыгында статист-экономист болуу менен баштаган. Акимдин орун басары, Түп районунунун мамлекеттик администрация башчысы, Ысык-Көл областындагы өкмөттүн өкүлү, Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору кызматтарында иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-kyzmat-ishteri-boyuncha-agenttiktin-zhetekchisi-dajyndaldy
Добавить комментарий ×