Бишкек-Ош жолунда жүк унааларына чектөө киргизилди
Бишкек-Ош унаа жолундагы «Сосновка» бекетинде оор жүк ташуучу унааларга (фуралар) Төө-Ашуудагы аба ырайынын шарты калыбына келгенге чейин чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Азыр ашуунун 118-чакырымынан 146-чакырымына чейинки аралыгында, Суусамыр өрөөнүнүн Төө-Ашуу ашуусунда жол тайгак болуп жатат. Аталган тилкеде жолго инерттүү, тайгакка каршы материалдарды чачуу иштери жана кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында кар жаап жатат.
“Ашууларды кардан тазалаш үчүн зарыл болгон техника тартылды. Кардын калыңдыгы Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында 10-15 сантиметр болууда”,-деп кабарлашты Транспорт министрлигинен.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholunda-zhk-unaalaryna-chekt-kirgizildi
Добавить комментарий ×