Мамлекеттик курулуш агенттигин директору Бактыбек Абдиевдин уулу каза тапты
Поделиться в:
Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин уулу каза тапты. Бул тууралуу Архитекторлор союзунан кабарлашты.
“Архитекторлор союзу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат”,-деп айтылат кабарда.
Абдиевдин уулу узакка созулган оорудан кийин 22 жаш курагында каза тапты.
Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-kurulush-agenttigin-direktoru-baktybek-abdievdin-uulu-kaza-tapty
Добавить комментарий ×