Эл аралык аренада улуттук спорттун түрлөрүн илгерлетүү мемарандуму кабыл алынды (сүрөт)

11 ноября 2020 14:04 710 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу  спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 11-ноябрда, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев жана Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясынын президенти Алмазбек Касенов Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Меморандумга ылайык Мамагенттик менен Ассоциациянын кызматташуусу  төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт:

 - Кыргызстанда салттуу спорттун түрлөрүнүн жана элдик оюндарынын саясатын жана аларды өнүктүрүүнүн башкы багыттарын аныктоо;

- машыктыруучуларды жана калыстарды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу;

-  эл аралык аренада Кыргызстандын спорттун улуттук түрлөрүн илгерлетүү;

- спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар үчүн инвестицияларды тартуу, инфраструктураны колдонуу сапатын жогорулатуу;

-  калктын басымдуу бөлүгүн дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга чакыруу жана башка багыттар.

Ссылка: https://barometr.kg/mamagenttik-menen-associaciyanyn-ortosunda-kyzmattashuu-tuuraluu-memarandum-kabyl-alyndy-srt



Добавить комментарий