Мал уурдады деп шектелген жаш бала өзү асынып алганбы же милиция кыйнап өлтүрдүбү?
Ысык-Көл облусундагы Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбеков 18 жаштагы уулун милиция кызматкерлери сабап өлтүрүп койгондугун айтып, Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасады.
Ал кишинин айтымында уулун мал уурдады деп кармап кетишип, башына пакет кийгизип сабашкан.
"Кайрылууда мындай деп айтылат:
"Урматтуу президент Сооронбай Шарипович! Сизге кайрылуумдун себеби 22-октябрда баламды милиция кызматкерлери башына пакет кийгизип, бөтөлкө менен суу чачып бетине, колуна кишен салып, кыйнап, ызалантып өлтүрүштү. Ушуну акыйкат баамдап, туура чечип берүүңүздү суранам. Өзүмдүн беш уулум бар болсо, бизди багып жаткан ушул уулум болчу".
Ал эми ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов бул окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:
"2018-жылдын 22-октябрында Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылындагы талаадан жаш жигит бакка жип менен муунуп калгандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө келип түшкөн. Аталган факты боюнча райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып анын ким экендигин такташкан учурда ал Бөрү-Баш айылынын 2000-жылы туулган Э.Касымов аттуу тургуну болуп чыккан".
ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда мал уурулук боюнча арыз түшүп, аны иликтөөгө алганда шектүү делип 18 жаштагы Касымов кармалган. Маалыматта айтылгандай, ал бала 14-октябрга караган түнү 3 токту уурдап, Каракол базарына алып барып саткан. Анын мал уурдаганы боюнча берген түшүнүгү бар деп айтылат.
Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/mal-uurdady-dep-shektelgen-zhash-bala-z-asynyp-alganby-zhe-miliciya-kyjnap-ltrdb
Добавить комментарий ×