Максатбек Токтомушев: Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келгем, эми айта турган күн келди

23 февраля 2021 10:50 3669 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек ажы Токтомушев чукул кайрылуу жасап, акыйкаттыкты айта турган күн келерин, ага чейин коомчулукту сабыр кыла турууга чакырды. Бул тууралуу мурдагы муфтийдин соцтармактагы расмий баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Буга чейин, тактап айтканда кече, 22-февралда интернетке муфтияттын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жатат делген видео тараган. Коомчулук бул видеону кызуу талкуулап жатышат.


Коомчулуктун талкуусуна кабылган видеодо мурунку муфтий Максатбек Токтомушевдин ысымы аталгандыктан ал социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

 “Урматуу кыргыз элим!

Сиздерге кайрылууну туура көрдүм. Окуп коёсуздар деп ишенем. Буйруса, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим эле. Мына бүгүнкү видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын, шашылыш чечим чыгарбай, эч кандай ойго келбей туруңуздар.

Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын. Себеби, бул видеону ар түрдүү кылып кыркып, тескери мааниге ээ кылышыптыр. Элибиздин тынчтыгы үчүн мен көп нерсеге көз жумуп келгем. Эми биз деле айта турган күндөр келиптир.

Ошондуктан, алдын ала адамды каралабай, сын такпай, бир аз сабыр кылып туруңуздар, сураныч.

Акыйкат сөзсүз келет. Ошондо анан сөздү да айтабыз, сиздерди да угабыз.

Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Сиздерди колдойт деп ишенем”, - деп жазды ал.

Эске сала кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Көп өтпөй эле, экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев да ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга баргандыгы жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар деп УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми, 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бөгөт чарасын карап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошотуу чечимин кабыл алган. 

Ссылка: https://barometr.kg/maksatbek-toktomushev-lkbzdn-tynchtygy-chn-kp-nerselerdi-ajtpaj-kelgem-emi-ajta-turgan-kn-keldi



Добавить комментарий