Майып адамдар кресло-коляскалар менен камсыз болушту

2 сентября 2020 15:39 1533 Barometr
Поделиться в:
ok

Майып адамдар кресло-коляскалар менен камсыз болушту. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүнкү күндө 1746 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляскалар менен камсыз болушту. Алардын ичинен 855 чоңдор жана 891 майыптыгы бар балдар.

Кресло-коляскалар майыптыгы бар адамдарга 3 жашынан баштап берилет. Алар бекер 5 жылга берилет. 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо алардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат.

Кресло-колясканы бекер берүүгө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу негиз болот. 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляска алуу үчүн аймактык бөлүмдөргө (райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү) төмөнкүлөрдү беришет: 

- арызды; 

- МСЭКтин корутундусу; 

- иш жүзүндө жашаган жеринен маалым катты. 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кресло-коляскаларды алууга арызы аймактык бөлүмдөр тарабынан кабыл алынат. 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кресло-коляскалар аймактык бөлүмдөргө келип түшкөнүнө жараша Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын журналына катталган жазууларга ылайык электрондук кезек тартибинде берилет 

Ссылка: https://barometr.kg/majyp-adamdar-kreslo-kolyaskalar-menen-kamsyz-bolushtu



Добавить комментарий