Маджинов: Олимпиадага лицензияны жеңил салмактагы балбандар алат деген үмүт бар
Кыргызстанда эркин күрөштөн жеңил салмактагы балбандар 2020-Токио Олимпиадасына жолдомо алышы мүмкүн. Мындай пикирди Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов “Barometr.kg” сайтына билдирди.
Маджинов конкреттүү бир балбандын атын атаган жок. Бирок жеңил салмактагы балбандардан үмүтү бар экенин бизге берген маегинде айтты.
“Эми алдын ала ким олимпиадага лицензия ала алат деп айтуу кыйын. Жараткан кимге буюрса ошол алат. Бирок бизде жеңил салмактагы балбандарда үмүт бар. Мына узаган жылы Азия, дүйнө биринчиликтеринде мыкты күрөшкөн балбандарыбыз бар. Ошол спортчуларыбыз лицензия алып, олимпиададан медаль утуп келет деп үмүт кылабыз. Буюрса бул багытта бизде тынымсыз аракеттер, системалуу машыгуулар болот”, - деди Руслан Маджинов.
Ал ошондой эле, март айында Кытайда жана апрелде Болгариянын София шаарында лицензиялык мелдештер болорун, ага карата даярдыктар көрүлөрүн кошумчалады.
Эске сала кетели, 9 январда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты старт алды. Биринчи күндө 57, 65, 74, 86 жана 97 кило салмактагы балбандар арасында байгелер ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/madzhinov-olimpiadagy-licenziyany-zheil-salmaktagy-balbandar-alat-degen-mt-bar
Добавить комментарий ×