Эркин күрөштөн Олимпиадалык салмактарда мыктылар жеңди

9 январь 2020 22:27 2643 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 9 январда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын биринчи күндөгү мелдеши жыйынтыкталды.

Мелдештин биринчи күнүндө 57кг, 65кг, 74кг, 86кг жана 97 кило салмактагы балбандар арасында байгелер ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Бул тууралуу мелдештин башкы калысы Саитдин Азизбеков "barometr.kg" сайтына билдирди.

Бүгүнкү 5 салмакта өткөн күрөштө байгелүү орундарды ээлеген балбандар:

57 кг: 1-орун Бекболот Мырзаназар уулу, 2-орун Тайырбек Жумашбек уулу, 3-орун Бекзат Алмаз уулу жана Абдымалик Карачов;

65 кг: 1-орун Нургазы Абдуразаков, 2-орун Айбек Токтогул уулу, 3-орун Орозбек Токтомамбетов жана Алибек Осмонов;

74 кг: 1-орун Бекжан Жамбулов, 2-орун Адилет Орунбеков, 3-орун Стамбул :анибек уулу жана Алинур Такиров;

86 кг: 1-орун Алигаджи Гамидгаджиев, 2-орун Нуртилек Карыпбаев, 3-орун Мирлан Чыныбеков жана Саматбек Стамбек уулу;

97 кг: 1-орун Андрей Аронов, 2-орун Арсланбек Турдубеков, 3-орун Ахроржан Мадаминов жана Касиет Кубанычбек уулу;

Саитдин Азизбеков мелдешке өлкөдөгү бардык мыкты балбандар катышканын бизге билдирген. Ал кошумчалагандай, эртең, 10-январда мелдештин экинчи күндөгү байгелери ойнотулат. Анда 61кг, 70кг, 79кг, 92кг жана 125кг салмакта балбандар күч сынашат.

Ссылка: https://barometr.kg/erkin-krshtn-olimpiadalyk-salmaktarda-myktylar-zhedi



Добавить комментарий