Лукашенконун лыжа таймашындагы жеңиши элди күлкүгө бөлөдү (видео)

16 марта 2021 10:40 6680 Barometr
Поделиться в:
ok


Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко "Минская лыжня - 2021" майрамынын алкагында лыжа тебүү жарышына катышты. Бул тууралуу Лукашенконун "Пул Первого" Telegram-каналына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Аталган каналга 66 жаштагы Лукашенконун жарышта жеңишке жетип, финишке биринчилерден болуп келген видео пайда болду. Видеодон президенттин атаандаштарынын бири 30 секунддун ичинде үч жолу жыгылганын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары президенттин атаандашы айтын эле кулап жатканын айтып, бул окуяны “күлкү келтирерлик жорук” деп баалашты.

"Московский Комсомолец" басылмасы "Лукашенконун атаандашы үч жолу атайылап жыгылып, президенттин жеңиши үчүн калп эле муздан тайгаланып тура албай жаткандай түр көрсөттү" деп жазып, болуп жаткан окуяны абсурд деп атады.

Ал эми, президенттин маалымат кызматы бул окуяны абсурд деп атаган басылмаларды “фейк” деп мүнөздөмө берди.

“Президент мындай нерселерге абдан жоопкерчиликтүү карайт. Ал жерде миңдеген көрүүчүлөр турса, кантип катышуучуларга басым болмок эле. Анан да баса белгилей кетчү жагдай, ал жерде катышуучулардын көбү лыжаны жаңыдан үйрөнүп жатышкандар. Ошондуктан, кулап буттан тура албай жатышты”, - деп түшүндүрдү Лукашеконун маалымат кызматы орус басылмаларына берген маегинде.

Ссылка: https://barometr.kg/lukashenkonun-lyzha-teb-tajmashyndagy-zheishi-internet-koldonuuchularyn-klkg-bld-video



Добавить комментарий