Видео. Темза дарыясынын жээгине кептпелген китти сактап калышты

11 мая 2021 17:22 3070 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

 

Лондондо куткаруучулар Темза дарыясынын жээгине кептелип калган китти сактап калышкан. Суу жаныбарын кантип сактап калышканы туурасында видеону The Sun жарыялады. Бул тууралуу The Sun сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка караганда, куткаруу иштерине Падышалык улуттук куткаруучулар институтунун өкүлдөрү, өрт өчүрүүчүлөр жана дайверлер катышкан. Кит Лондондун түштүк-батыш жагындагы Ричмонд шлюзуна келип кептелип калган.

“Узундугу 3-4 метрге жеткен жаныбарды коопсуз жерге жеткиргиче төрт сааттай убакыт кетти. Ветеринар анын ал-абалын карап, көзөмөлдөйт. Жаныбардын ахыбалы жакшы болгондон кийин гана аны эркиндикке коё берүү чечими кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.

Элдин арасына келген жаныбар чакан көлөмдөгү киттердин түрүнө кирет. Ал Атлантика жана Тынч океандарынын түндүк тарабында жашайт.

Ссылка: https://barometr.kg/londondo-kutkaruuchular-temza-daryyasynyn-zheegine-keptpelgen-kitti-saktap-kalyshty



Добавить комментарий