Лондондо аял татыктуу күйөө таап бере албаган нике агенттигин сотко берди
Лондондо 47 жаштагы аял ага татыктуу күйөө таап бере албаган нике агенттигин сотко берди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Анда айитылгандай, эки кыздын энеси 47 жаштагы Тереза Бурки аны менен баш кошо турган бай эркекти издеп жаткан. Анын негизги талабы кыздарын асырап ала тургандай бай киши болушу шарт. Нике агенттиги базасында 7 миң талапкер бар экенин ишендиргенине карабай, иш жүзүндө алардын саны миңге дагы жетпегени аныкталды. Бирин дагы жактырбай койгон айым акыры агенттикти сотко берип, алдаганы үчүн 12 600 доллар өндүрүп алды. Ал эми айрым интернет колдонуучулар бакытты акчага сатып ала албай тургандыгын жазышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/londondo-ayal-tatyktuu-kj-taap-bere-albagan-nike-agenttigin-sotko-berdi
Добавить комментарий ×